Ош шаарында окуучулар үчүн бекер автобустар жүрө баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-октябрда Ош шаарында окуучулар үчүн автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган автобустар күнүнө 3 жолу, башкача айтканда эртең менен, түштө, кечинде акысыз каттайт. Ар бир багыт боюнча экиден автобус жүрөт.

Автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт:

№1 мектептик автобустук каттамы: Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев көчөлөрү аркылуу түз – И.Раззаков – У.Салиева (облустук оорукананын жолу менен) түз – С. Касымбеков көчөсүнө чыгып кайра У.Салиева көчөсү аркылуу келген кыймыл чиймеси боюнча кайра артка каттайт.

№2 мектептик автобустук каттамы: Тээке айылы (Ош—Араван автоунаа жолу) — Кеңеш айылы борбору – Көкүмбий (Барсбек айланпа) – Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы) – В.Ленин көчөлөрүнөн жүрүп, Төлөйкөн айылындагы Г.Айтиев мектебинен кайра артка каттайт. (Ипподром)

Пример HTML-страницы

№3 мектептик автобустук каттамы: ДЭУ-21 — А.Мамыров көчөсү (Волчья яма) – Ак-Тилек кичи району — Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга чейин).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️