Ош шаарында окуучу кыздар 5-кабаттан боюн ташташты

TurmushОш шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү батирден (5-кабаттан) 7-8-класстын окуучу кыздары боюн таштады. Бирөөсү окуя болгон жерде мерт кетсе, экинчиси Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Бул маалыматты Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматты Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан тастыкташты. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндөгү кыздын абалы өтө оор. Денесинде сыныктар көп, башында ачык жаракаты бар.

Ал эми окуя болгон жерде көз жумган кыздын денеси мейитканага жеткирилгени белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️