Ош шаарында милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттер менен жолугушту

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-сентябрда Ош шаарында чет өлкөлүк студенттер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери жолугушту.

Жолугушуу чет өлкөлүктөр тарабынан жасалган жана чет өлкөлүктөргө карата жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында уюштурулду. Милиция кызматкерлери чет элдик студенттердин суроолоруна жооп берип, алардын сунуштарын да угушту. Алар чет өлкөлүк жарандар кылмышкерлерден кантип коргоону керектиги, кандай учурда жардамга чакыра алыша тургандыгы тууралуу суроолорду беришти.

«Жаңы окуу жылдын башталышы менен ушундай иш-чараларды уюштуруп жатабыз. Биз атайын кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча видео ролик жасап көрсөтүп, ошондой эле чет жактан келген студенттерге Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдарын, жергиликтүү элдин менталитетин, каада-салтын жана нарк-насилин сыйлоо керектиги тууралуу дагы түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Кызматкерлер студенттер менен суроо-жооп иретинде маектешип, өздөрүнүн байланыш номурларын калтырып кетишти.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында жалпысынан чет өлкөлүк жарандар тарабынан 16 кылмыш катталган, ал кылмыштардын баарынын бети ачылды. Алардын ичинен эң чоң резонанс жаратканы Ош шаарындагы Тилеке баатыр көчөсүндөгү ири соода дүкөнүнө кирип, чоң суммадагы акчанын алып кеткен факты болгон. Бул боюнча дагы чет өлкөлүк студент кармалып, анын үстүнөн тиешелүү иш козголуп, иш соттук кароого жөнөтүлгөн», — деп билдирди Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарга зарыл болбосо түнкүсүн көчөдө көп жүрбөөгө, өлкө мыйзамдарын сактоого чакырышты.

Пример HTML-страницы

Ош шаарында 2024-жылдын 8 айына карата чет өлкөлүктөр тарабынан 16 кылмыш жасалган. Ал эми чет өлкөлүктөргө карата 2 кылмыш катталган. Булардын көпчүлүгү майда бейбаштык, каракчылык, тоноочулук.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️