Пример HTML-страницы

Ош шаарында кызматтык кабинетке келген милиционерди кармашты (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОшто кесиптешине пара сунуштоого шектелген милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ИИМ тарабынан катардагы кызматкерлердин арасындагы өз кызматына жоопкерчиликсиз менен мамиле жасаган, коррупцияга аралашкан, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактабаган кызматкерлерди аныктоо жана алардан арылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ушундай иш-аракеттердин натыйжасында ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлерлери, УКМКеын кызматкерлери менен биргеликте ички иликтөө кызматынын өкүлүнө 7000 сом пара сунуштаган милиционер кармалды.

Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой ИИМдин Ош шаарындагы батыш күзөт бөлүмүнүн кызматкери А.Б. 17-май күнү 2004-жылы туулган Н.М. экөө Ош шаарынын А.Монуев көчөсүндө жол талашып, милиционер А.Б. кармана албай, Н.М.га кол көтөрүп, бетке уруп жиберген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жабырлануучу М.Н. жеңил жаракат алганы аныкталган.

Бул боюнча жабырлануучу Ош ШИИБге кайрылып, окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери, ошол эле мезгилде ИИМдин Ош шаары, Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан А.Б.нын аракеттерине баа берүү үчүн иликтөө иштери башталган. Анын жүрүшүндө А.Б. бул факты боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан кызматкерге иликтөөнүн жыйынтыгын өз пайдасына чечип берүүнү суранып, пара сунуштаган.

Ал 30-май күнү ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкеринин иш бөлмөсүнө келип, 7000 сом пара берип жаткан учурда аталган кызматтын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иш козголуп, Ош ШИИБ тарабынан тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE