Ош шаарында кызмат учурунда каза болгон 13 милиционерге арналган эстелик орнотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин урматына Ош шаардык ички иштер башкармалыгында эстелик орнотулду.

Эстеликке Ош шаардык ички иштер башкармалыгы болуп түзүлгөн 2003-жылдан бери кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон 13 милиция кызматкеринин аты-жөнү түшүрүлгөн.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызмат учурунда курман болгон кызматкерлери:

— Боркошов Актилек Токтосунович, 1981-жылы туулган, 2007-жылы каза болгон;

— Асранов Каныбек Манапович, 1979-жылы туулган, 2007-жылы каза болгон;

Пример HTML-страницы

— Сактанов Мунарбек Эргешбаевич, 1983-жылы туулган, 2007-жылы каза болгон;

— Азимкулов Алмаз Жекшенбекович, 1980-жылы туулган, 2009-жылы каз болгон;

— Бөкөев Жамшитбек Канатович, 1965-жылы туулган , 2010-жылы каза болгон;

— Ваитжанов Бахрам Халмирзаевич, 1969-жылы туулган , 2010-жылы каза болгон;

— Айдаров Бегали Мурзалиевич, 1985-жылы туулган, 2010-жылы каза болгон;

— Байкишиев Бакыт Осмоналиевич, 1983-жылы туулган, 2010-жылы каза болгон;

— Төрөбаев Эсенбай Маматжанович, 1971-жылы туулган, 2011-жылы каза болгон;

— Имиятов Эрлан Имиятович, 1985-жылы туулган, 2012-жылы каза болгон;

— Пусуров Абдрасул Зулпуевич, 1969-жылы туулган, 2013-жылы каза болгон;

— Тажаматов Бакыт Жалиевич, 1969-жылы туулган, 2004-жылы каза болгон;

— Темирбаев Мирлан Сабырбекович, 1978-жылы туулган, 2014-жылы каза болгон.

Иш-чарага Ош ШИИБдин кызматкерлери, ардагерлер жана кызмат учуруна каза болгон кызматкерлердин жакындары катышты.

«Элибизде «Өлгөндөр даңкталмайын тирүүлөр баркталбайт» деген жакшы накыл кеп бар. Бүгүл ошол жакшы кептин өтөөсүнөн чыгып, кызмат үчүрунда каза болгон мурдагы кесиптештерибизди эскерип, алардын мемориалдык эстелигин ачуу алдында турабыз. Бул ташта аты-жөнү чегерилген ар бир кызматкердин басып өткөн жолу, тагдыры келечек муундарга өрнөк боло алат. Ар биринин элге өтөгөн кызматы жаш муундарга мисал болуп калмакчы», — деди шаардык милициянын башчысы Дамирбек Исаков.

Иш-чара соңунда кызмат учурунда каза болгон маркум милиция кызматкерлерине багышталып куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️