Ош шаарында «Коопсуз шаардын» видеокамералары иштей элек. Себеби айтылды

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 1-июнунан тарта Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына старт берилген.

Маалым болгондой, «Коопсуз шаар» долбоору тесттик режимде ишин баштаган. Ал бир айга созулмак. Мында автоунаалардын жол эрежесин бузгандыгы фото, видеого тартып алынат, бирок айып пул салынбайт.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максат Орозалиевдин маалыматы боюнча, айып пул салуу 1-июлдан тарта ишке кирмек, бирок техникалык себептерден улам жөнгө салына элек.

«27-июнда Ош шаарында ведомстволор аралык кеңешме өтүп, ал кеңешмеде техникалык даярдыктарды аягына чыгаруу үчүн «Коопсуз шаар» долбоорунун мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» деген система бар, аны интеграциялоо керек. Ушуга окшогон бир катар техникалык себептерден улам азырынча видеокамералар иштей элек», — дейт Орозалиев.

—————————————-

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush долбоордун алкагында Ош шаарындагы 20 кесилишке 150 программалык аппараттар, анын ичинде 5 мобилдик, 11 көчмө, калганы стационардык камералар орнотула турганын жазган.

Аталган долбоор эки этапта ишке ашырылып, биринчи этаптын алкагында 60, экинчи этаптын алкагында 90 программалык аппарат орнотуу пландалууда.

Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт:

• Ылдамдыкты ашыруу;

• Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;

• Каршы жол тилкесине чыгуу;

• Коопсуздук курун тагынбаганда;

• Жөө жүргүнчүлөргө жол бербегенде;

• Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;

• Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;

• Жол белгилерине маани берилбеген учурда;

• Тыюу салынган жерден жөө өтүүдө;

• Стоп сызыгына чейин токтотуу, жол кыймылынын эрежелерин сактабоо;

• Транспорт каражатын токтотуу эрежелерин бузуу;

• Тротуарга унааны токтотууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️