Ош шаарында кинологдордун мелдеши өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush7-октябрдан тарта Ош шаарында кинологдордун ортосунда мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Чек ара кызматынын квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларды кайра даярдоо борборунун кинология курсунун башчысы Марат Эргашев билдирди.

Маалым болгондой, бул мелдешке Жаза аткаруу, ички иштер башкармалыгы, Чек ара жана Бажы кызматкерлери катышууда. Аталган мелдеш 3 жылдан бери буюштурулуп келет.

«7-октябрдан баштап 12-октябрга чейин Чек ара кызматынын квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларды кайра даярдоо борборунун базасында структуралар арасында кинологдордун ортосунда мелдеш жарыяланган. Азыркы учурда 4 бөлүмдүн кызматтык иттери жана кинолог адистер келип мелдешке даярдык көрүүдө. Жарыштын негизги максаты – бири-бирибиз менен мамилебизди чыңдоо, кинология кызматын өнүктүрүү жана тажрыйба менен алмашуу.

Бул мелдеш үчүнчү жолу өтүп жатат, жыл сайын өтө турчу мелдеш. Мамлекеттик чек араны кайтарууда кинологиянын ролу жана кызматтык иттердин кызматы абдан чоң. Баңгизаттарды, курал-жарактар, ок, -дарыларды издеп табууга аны менен бирге мамлекеттик чек араны бузуп өткөн кылмышкерлердин изин жыты менен издеп табуу боюнча кармоого чоң салым кошушат. Мелдеш баңгизат заттарды издөө боюнча түрдүү дисциплиналар менен өтөт. Бөлмөлөрдөн издеп табуу, жеңил жана жүк ташуучу автоууналардан жана кол жүктөрдөн ошондой эле жалпы үйрөтүү курсу дагы текшерилет», — деди Эргашев.

Бул мелдештин катышуучусу чек ара кызматынын прапорщиги, кинолог Нурланбек Туратов иттерди үйрөтүүдө кандай ыкмаларды колдонуш керектини айтып өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Пример HTML-страницы

«2013-жылы аскердик чакырууга келип, андан бери 2014-жылдын май айынан баштап келишимдин негизинде кызмат өтөп келе жатам. Чек ара кызматындагы кинология курсунда 6 жылдан бери кызмат кылып келем. Бизде ар дайым экиден ит болуш керек. Анан буга чейинки кармаган иттерден үчүнчү итти кызматка салып келе жатам. Учурдагы итимдин аты Аргус.

Биздин кинология курсуна кызматкерлер келет. Ошолорду 3 ай ичинде окутуп, итин дагы кызматкерлерди дагы окутуп, үйрөтүп турабыз. Мындай курстарды жылына 2 жолудан өткөрүп көптөгөн иттерди чыгарабыз.

Иттерди 2 ыкма менен үйрөтөбүз. Биринчиси оюн, экинчиси тамак менен үйрөтөбүз. Көбүнчөсү иттерди алдамай жолу менен үйрөтсө көбүрөк жетишкендиктерге жетишет. Иттерди катуу кармап, талапты көп коюп койсо каталар көп болуп калышы да мүмкүн. Анткени оюн аркылуу иттер сөздү угуп, буйруктарды аткарууга жана көптөгөн сапаттарга үйрөткөн жеңил болот. Тамагы иттин салмагына карап берилет. Мисалы мен карап жаткан итке күнүнө 400 грамм тамак талап кылынат. Ошол граммдарды 1 күнгө бөлүп, убагы менен берилет», — деди Туратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️