Ош шаарында кафеде тамактанган 10 адам ууланды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында тамак-аштан массалык уулануу катталды.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн башчысы Дария Жапарова Turmush басылмасына билдиргендей, жабыркагандардын саны 10 адамды, байланышта болгондордун саны 14 адамды түздү.

«Жабыркаган жарандар 2024-жылдын 4-сентябрында кечки саат 20:00-24:00 аралыгында Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан «Umaroff» кафесинен гамбургер, хотдог, клаб сэндвич тамактарын жешкен. Эртеси эртең менен абалдары начарлап, кусуп, ичи өтүп, дене таптары көтөрүлгөн. Алар Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылып, медициналык жардам алышкан.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан тамактан уулануу учуру иликтенип, «Umaroff» тез татым коомдук тамактануучу жайы текшерүүгө алынды. Кафеден даяр тамактардын жана азыктардын үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө тапшырылды. Жумушчулар арасынан микроб алып жүрүүчүлөрдү аныктоо максатында анализдер алынды», — деди Жапарова.

Учурда кафенин жумушу токтотулуп, санитардык эрежелер жана ченемдер сакталбаган фактылар боюнча кафенин ээсине 23 000 сом айып пул салынды.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️