Ош шаарында эртеңден баштап кумшекер 70 сомдон сатылып баштайт

TurmushМонополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча бөлүмү социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз көтөрүлүүсүнө жол бербөө максатында бир топ иштерди жүргүзүп келүүдө. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-мартта кумшекер жана өсүмдүк майы шаардын 6 соода түйүнүндө жана борбордук базарда базар баасынан арзан баада сатылууда.

«Жогорудагы иш-чаранын натыйжасында атаандаштык пайда болуп, баанын түшүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын борбордук базарында жана шаар ичиндеги 6 соода түйүнүндө өсүмдүк майынын 1 литри 130 сомдон сатылууда. 20-марттан баштап кумшекердин 1 килограммы 70 сомдон сатыла баштайт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️