Ош шаарында эл аралык форум өтүп, чет өлкөлөрдөн илимпоздор келишти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-октябрда Ош шаарында Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгы жана кыргыз билим берүүсүнүн 100 жылдыгына арналган «Дисциплиналар аралык диалог: өнүгүүнүн жаңы горизонттору» аттуу эл аралык форум өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, форум Билим берүү жана илим министрлиги менен Ош технологиялык университети тарабынан уюштурулган.

Форумда адегенде окуу жай тарабынан даярдалган даректүү тасма көрсөтүлүп, анда кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгүнө жолдомо болгон Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү тарыхта оор жолду басып, тоодой тоскоолдуктар аркылуу келгендиги тууралуу көрсөтүлдү. Ошондой эле алгачкы ревкомдун төрагасы болгон мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун орду, салымы тууралуу хронологиялык маалыматтар берилди.

Форумду Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев ачып, максатына токтолду.

«Эгемендүү Кыргызстан бүгүн учурдун экономикасын ар тараптуу өнүгүүсүнүн жаңы доорун жашап жатат. Биз заманбап архитектуралык имараттарды курууга, ички жана ири мамлекеттеги жол курулуштарды, машина куруу индустриясын жолго койчу адистерди тарбиялоо биздин милдет», — деди.

Пример HTML-страницы

Форумга Россия, Өзбекстан, Германия, Индия, Казакстан, Австрия, Корея мамлекеттеринен илимпоздор онлайн жана оффлайн катышып, пленардык жыйындарда баяндама жасашты.

Катышуучулар Ош технологиялык университетинин жаш ойлоп табуучулары, дизайнер- конструкторлору жана болочок архитекторлорунун эмгектеринин жармаңкесин көрүшүп, коноктор материалдык база, заманбап жатакана жана окуу жайдын кичи ГЭСи менен таанышты.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 60 жылдык мааракеге карата окуу жай өз каражатына биринчилерден болуп, кичи ГЭС курган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️