Пример HTML-страницы

Ош шаарында дагы бир мончо өрттөндү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-июнда Ош шаарындагы «С легким паром» мончосунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга шаардын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан мончодон өрт чыккандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 19:53тө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 20:20да толук өчүрүлдү. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Бүгүн, 5-июнда түштө Ош шаарынын Т.Кулатов кичи шаарчасында жайгашкан «Байкөл» мончосунун от казаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыккан.

ӨКМдин маалыматына караганда, ага суусу жок кезде от жагылып, жогорку ысыктыкта от казаны жарылган. Жарылуунун толкунунан коңшу жайгашкан айрым имараттардын айнектери да сынган. Маалымат түшкөн соң саат 14:06да 1 бөлүм тартылып, жалын саат 14:56да толук өчүрүлүп, ири өрт чыгууга жол берилген жок.

Turmush басылмасынын кабарчысы окуя болгон жерге барып, абалды жеринен көрүп келген. Жергиликтүү тургун Бектурсун Боронов окуя болгон учурда эмне болгонун түшүнбөй калганын айткан. Ал жарылууну укканда үйүнөн чуркап чыккан. Окуя болгон жерге 4 тез жардам унаасы келген.

Ал эми Ош шаардык ооруканасынан 6 адам ар түрдүү жаракаттар менен түшкөнүн билдиришкен. Алардын үчөө аял, үчөө эркек киши. 5 адам амбулатордук жардам алган соң үйлөрүнө чыгарылган. Бир адам кечиктирилгис жардам бөлүмүндө жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE