Пример HTML-страницы

Ош шаарында атайын унааларга жол бербеген 65 айдоочуга айып салынды

Акыркы жанылыктар

Turmush10-13-июнь күндөрү Ош шаарынын аймагында «Маяк» аталышындагы операция жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3 күн бою атайын жабдыгы бар автоунааларга жол бербеген айдоочулар аныкталды.

Рейддин жыйынтыгында тез жардам, өрт өчүрүүчү унаа, куткаруу кызматынын унаасы, ИИМдин атайын унааларына жол бербеген 65 айдоочуга 10 миң сомдон, жалпы 650 миң сом айып пул салынды.

Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 4-пункту. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө — жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жаркылдоочу маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотулуп жаткандыгына ынанганда гана пайдалана алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE