Ош шаарында айдоочуларга дрон менен байкоо жүргүзүлүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарынын аймагында жол кыймылына дрон менен байкоо жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош—Баткен—Раззаков эл аралык маанидеги унаа жолунда кырсыктарды алдын алуу жана адам өлүмү менен коштолгон оор кесепеттерди азайтуу максатында жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга дрон менен байкоо жүргүзүлүүдө. Аларга жол эрежесин сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, быйыл 1-январдан 17-мартка чейин өлкөдө 1 173 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 82 адам каза болуп, 1 673 киши жабыркады. Ал эми өткөн жылы 9 ай ичинде өлкөдө 4 миң 880 жол-унаа кырсыгы катталып, 489 адам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️