Пример HTML-страницы

Ош шаарында 42 жаштагы тургундун сөөгү каналдан табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы каналдан 42 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 10-июнунда Исаков көчөсүнөн өткөн Ак-Буура-Араван каналына 1982-жылы туулган А.З. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

11-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 30 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан саат 12:25те маркумдун денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин Turmush Ак-Буура—Араван каналына түшүп кеткен жаран изделип жатканын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE