Пример HTML-страницы

Ош шаарында 33,2 млн сомго муниципалдык күрөш залы курулду. Ачылыш аземге Акылбек Жапаров келди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жаңы муниципалдык күрөш залы ачылды. Ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров да катышканын Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

№2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын О.Акимбаев көчөсүнүн (мурунку Сай-Бою көчөсү) №1 дарегинде жайгашкан курулушу токтоп турган имараттын ордуна жаңы күрөш залы курулду.

Күрөш залынынын курулушу Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын тарабынан колго алынып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Күрөш залында машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар бар.

Спорттук залдын узундугу 38 метр, туурасы 18 метрди түзөт.

Аталган муницпалдык күрөш залынын долбоорун «Адис Алай» ЖЧС түзүп, курулуш иштерин «Гранд Сити» ЖЧК ишке ашырды. Келишим 2023-жылдын 18-декабрында түзүлүп, курлуштун сметалык баасы 36 млн 210 миң 286 сомду түзгөн. Келишим боюнча курулуш 33 млн 239 миң 754 сомго бүткөн.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Адис Алай» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Төлөнбай уулу Бекболот, түзүүчүсү — Жусупов Шекербек Аманиллаевич. Компания 2019-жылы 30-январда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.

Ал эми «Гранд Сити» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Бактыяр уулу Айбек. Компания 2020-жылы 27-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE