Ош шаарында 33 баланын тушоосу кесилди (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.

Маалым болгондой, майрамдык салтанат Токтогул.Сатылганов атындагы эс алуу багында башталып, жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, сүрөтчүлөр көргөзмөсү, «Күз фест 2024» мөмө-жемиш жармаңкеси уюштурулду.

Ага катар эле 33 баланын тушоо кесүү аземи жана улуттук спорттук оюндар уюштурулду.

Майрамдык салтанаттын негизги бөлүгү кечки саат 20:00до кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда башталып, Ош шаарынын борбордук аянтында чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️