Ош шаарында 3 эм төрөлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 12-ноябрда Ош шаарында үч эм — 2 кыз жана 1 уул бала төрөлдү.

Күбөлөр ымыркайлар суукта төрөт үйүнүн коридорунда жатканын айтышкан.

Ал эми Ош облустук төрөт үйүнүн башчысы Асылкан Асанова Turmush басылмасына берген комментарийинде ымыркайлар палатага которулганын билдирди.

«Кечээ бизде үч эм төрөлгөн. Айына жетпей төрөлгөн, ал боюнча маалымат бере албайбыз. Абалдары турукташып калганда маалымат беребиз. Бизде шаардык төрөткана капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылып, адам көп болуп жатат. Ошого карабастан тез аранын ичинде бөлмөлөрдү бошотуп, киргизүүгө аракет кылып жатабыз.

Үч эм төрөгөн энеге балдарды кантип эмизүү жана аларды кантип кароо керектигин үйрөтүүдөбүз. Аны менен бирге балдарын каралашып турганга бир адамды чакыртып, карап жатабыз», — деди Асанова.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️