Пример HTML-страницы

Ош шаарында 15 жаштагы эки бала 5 миллион сомдон ашык акчаны уурдоого шектелүүдө. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы жаш балдар ири суммадагы каражат уурдоого шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 2008-жылы туулган тургундары Д.М. менен Н.А. кармалышкан.

«Кылмыштын негизги уюштуруучусу Д.М. мурда 3 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Шектүүлөр 2023-жылдын 22-январь күнү түн ичинде Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан, эл көп барган кафелердин бирине терезеси аркылуу уурулукка кирип, 5 млн сомдон ашык акчаны уурдап кетишкен.

Алар Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүлөр уурдалган акчанын көбүн катып койгон жеринен алып чыгып беришти. Бирок, аз убакыт ичинде 480 миӊ сомду өз кызыкчылыгына иштетип, ар кимге берип үлгүрүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Учурда шектүү балдар Жалал-Абад шаарындагы атайын балдардын тергөө абагында кармалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE