Ош шаарында 1 күндө унаа салыгын төлөбөгөн 138 айдоочу аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында автоунаасынын салыгын төлөбөй жүргөн 100дөн ашык айдоочуга акт түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-сентябрдан тартып мүлк салыгын төлөбөй келген жарандарга рейд жүргүзүлүп жатат. Кечээ, 16-сентябрда өткөн рейдде автоунаасынын салыгын төлөбөгөн 138 айдоочуга акт түзүлгөн. Анын ичинен 104 айдоочу айып пулду төлөдү.

Буга чейин Салык кызматы 1-сентябрга чейин транспорт каражатына, турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), үй жанындагы, короо жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктай турганын билдирген.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган. Ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндөгү туум кошулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️