Ош шаарына жаңы таштанды төгүүчү жай курула баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык мэриясы жаңы таштанды талаанын курулушун баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсүнө караганда, бул долбоор 2016-жылдан бери ишке ашпай келген. Мэрия бул долбоорду ишке ашыруу менен полигондун экологияга тийгизип жаткан терс таасирин жоюуну көздөшөт.

«Ош тазалык» ишканасынын башчысынын орун басары Жылдызбек Көчкөновдун айтымында, жаңы таштанды талаасын куруу үчүн 24 гектар жер аянты бөлүнгөн.

«Европа өнүктүрүү жана Европа биримдиги колдоосуу менен “Ошто таштанды чогултуу жана иргөө системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында жүрүп жатат. Жаңы таштанды талаасын курууга 24 гектар жер бөлүндү. Долбоор боюнча 1,5 жылда курулушу аяктап, пайдаланууга берилээри көрсөтүлгөн. Биз кийинки 2025-жыл күз айына ишке киргизүүнү пландап жатабыз. 20 жылга чейин кызмат кылат», — деди Ж.Көчкөнов.

Жаңы таштанды талаанын курулушун түркиялык «Каналет иншаат электрик уретим санайи ве тиджарет акционердик коомунун Кыргыз Республикасындагы филиалы» (Kanalet Inshaat Electric Uretim Sanayi ve Tijaret A.Ş.) компаниясы куруп жатат. Ага 9 млн еврого жакын каражат сарптала турганы айтылды. Долбоор эки этап менен жүрөт.

Пример HTML-страницы

— 1-этапта жаңы санитардык полигонду куруу;

— 2-этапта курулуш келишими боюнча учурдагы полигонду жабуу.

Долбоордун экинчи этабында эски таштанды полигон рекультивацияланып, дүйнөлүк стандарттар менен көмүлөт. Орду жашыл аймакка айландырылып, эс алуучу жай курулат. Эски полигондун аянты дээрлик 54 гектарды ээлейт. Жеке унаалар менен ташып келинген таштандыларды эсепке албаганда, «Ош тазалык» ишканасы күнүнө 1 миң 500 куб (300-350 т) таштанды ташып келип төгөт.

Андан сырткары полигондон чыккан газдан электр энергиясынын иштеп чыгаруу боюнча долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Каналет иншаат электрик уретим санайи ве тиджарет акционердик коомунун Кыргыз Республикасындагы филиалы» акционердик коомунун жетекчиси — Амитов Кантемир Алымжанович, түзүүчүсү — Каналет иншаат электрик уретим санайи ве тиджарет акционердик коому. Компания 2022-жылы 5-августта каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: ирригациялык системаларды эксплуатациялоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️