Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ош шаарына чет жерден келген жарандардын коопсуздугун туристтик милиция көзөмөлдөп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт батальонунун туристтик взводунун кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 2 айында алыскы 23 өлкөдөн келген жарандарга, ошондой эле жакынкы коңшулаш мамлекеттердин 50дөн ашуун жаранына жардам көрсөтүлгөн.

Жардам сурап кайрылгандар — көбүнчө жарандык паспортторун акча алмаштыруучу жайларда унутуп калгандар, уюлдук телефонун такси кызматынын унааларында түшүрүп алгандар жана керектүү дарекке жетүү жолун билбегендер.

Аталган взводдун кызматкерлери чет тилдерди жакшы өздөштүрүшкөн, тил боюнча тоскоолдуктар жаралбайт. Аны менен катар «Достук» чек ара өткөрмө пунктунда, «Ош» эл аралык аэропорту аркылуу Дубай, Шаржа, Жидда багыттарына жана Сауд Арабиянын Мекке шаарына учуучу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууда тынымсыз иш алып барышууда.

Туристтик сезондун ачылышы менен бул кызматкерлер Ош облусунун аймагында жайгашкан туристтик аймактарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE