Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын аймагында бүгүн, 14-июлда катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Селдин кесепеттерин жөнгө салганга чейин жана жай мезгилиндеги туруксуз аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жетекчилигинде жарандык коргонуу кызматтардын, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан Ош шаарынын аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү, сел кеткен тилкелерди тазалоо, келтирилген чыгымдарды эсептеп чыгуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулар тарабынан 420 адам эвакуацияланды.

Пример HTML-страницы

Ошондой эле Ош шаарындагы борбордук базарын сел каптады.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️