Ош шаары күзгү «күрмөсүн» кийди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-октябрь — Ош шаарынын күнү. Республикалык маанидеги шаар — өлкөнүн түштүк борборуна 3022 жыл болду.

Учурда күз мезгилинин экинчи айы башталды. Бул мезгил жаан-чачындуу болот деген менен Ош шаарында абанын температурасы туруктуу, +20 градустан жогору болуп жатат.

Быйыл күз жылуу болгондуктан Ош шаары күздөгү «сары күрмөсүн» толук кие элек. Бак-дарактардын жалбырактарынын көбү жашыл бойдон.

Күз мезгилинде Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээги өзгөчө көркүнө чыгат. Жээктеги бак-дарактар сары түскө боёлот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️