Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашимжан Семетеев кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашимжан Семетеев УКМК тарабынан кармалды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 21-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды.

«Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектүү С.А.Э.нин бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 18-сентябрына чейин тандалган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️