Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев кызматына кайтты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев кызматына кайтып келди. Бул маалыматты Turmush басылмасына мэриянын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов тастыктады.

Буга чейин Шумкарбек Пайзиевге кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иш козголгону маалым болгон.

Сулайманкулов азырынча Ш.Пайзиевге карата козголгон кылмыш иши кандай жагдайда кыскарганын билбей турганын кошумчалады.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Шумкарбек Пайзиевдин кылмыш иши боюнча материалдар сотко түшпөгөнүн билдирди.

«Шумкарбек Пайзиевдин иши боюнча бизде маалымат жок. Бул боюнча материал да, кылмыш иши да келбептир. Демек, бул иш тергөөдө кыскартылган», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

————————————————————

Turmush 2024-жылы 6-июнда кечинде Ош шаарындагы эки муниципалдык кызматтын жетекчилери баш коргоо чарасын тандоо үчүн сотко жеткирилгенин жазган.

Алар — Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев жана «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Олжобаев Уланбек Муркамилович.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 6-июнундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) менен айыпталган П.Ш.М.га карата бөгөт коюу чарасы катары 31-июлга чейин үй камагы тандалган.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Turmush басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы иштеп жатканын билдирген.

«Эч кандай көйгөй жок, түшүнбөстүк болду. Мен толук билбейм, андай эч нерсе болгон жок. Балким, бул алардын ишине байланыштуу болгон. Алар иштеп жатышат», — деген мэр.

Ал эми 2024-жылдын 13-июлунда мэриянын аталган эки кызматкери тергөө иштери аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтетилгени маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️