Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там жолундагы тыгын. Кандай чара көрүлүп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-августта Ош облустук администрациясында ыкчам кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам кеңешмеге президенттин облустагы өкүлү Элчибек Жантаев, орун басарлары, өкүлчүлүктүн бөлүм башчылары, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунан «Достук» өткөрмө пунктуна чейинки тилкесинде жол кыймылын көзөмөлдөө маселеси каралды. Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун «Достук» өткөрмө пунктуна чейинки бөлүгүндөгү тыгын көйгөйү айтылды. Жол тыгындарын жана жол кыймылынын кыйынчылыктарын болтурбоо үчүн жүк ташуучу унааларды жол боюна коюуга тыюу салуу жана кезекте турган жүк ташуучу унааларды атайын токтоочу жайларга жайгаштыруу, өткөрмө пункттан өткөрүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүү жана тыгынды азайтуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле кеңешмеде 30-августка белгиленген президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүчү онлайн ачылыштарга даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Учурда «Достук» өткөрмө пунктуна чейинки кезекте турган жүк ташуучу унааларды атайын токтотуучу жайларга киргизүү, өткөрмө пункттан өтүү тартиби күчөтүү, кезек күтүүлөрдү жоюу иштери жүрүүдө.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️