Ош облусундагы жол сакчылары дрондор менен рейд өткөрүп жатышат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусундагы жол сакчылары дрондор менен рейд өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ 17-июль күнү Ош–Кара-Суу жана Бишкек–Ош, Ош–Сары-Таш–Эркештам, Ош–Раззаков унаа жолдорунда карама-каршы тилкеге чыккан жана кууп өтүү эрежесин бузган айдоочуларды аныктоо үчүн дрон менен рейд өткөрүлдү. Аларга протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.

Буга чейин Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда дрон менен байкоо жүргүзүү программасы иштеп жатканы кабарланган.

Дрон менен байкоо жүргүзүү программасы жолдогу кырсыктардын алдын алуу жана санын азайтуу, ошондой эле адам өлүмү менен коштолгон оор кесепеттерди кыскартуу максатын көздөйт. Тесттик режимди Бишкек—Нарын—Торугарт жолунан баштоо чечими бул жолдо акыркы учурда унаа кырсыктары көп катталганына байланыштуу кабыл алынган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️