Пример HTML-страницы

Ош облусундагы жетекчилер жыйынга чогулду. Кайсы маселелер талкууланды?

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жыйын өттү.

Жыйынга тиешелүү облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары — акимдер, акимдердин биринчи орун басарлары, райондук статистика бөлүмдөрүнүн жетекчилери, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчылары, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин райондогу филиалдардын директорлору, Салык кызматынын райондук башкармалыктарынын башчылары катышты.

Жыйындын күн тартибинде 5 маселе каралды:

1. 2024-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдыктарды көрүү;

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлирги тарабынан бекитилген 100 долбоорго кирген өндүрүш ишканалары жана токтоп турган ишканалар жөнүндө;

3. Салык жана салык эмес төлөмдөргө берилген план тапшырмалардын аткарылышы;

4. 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктар.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жана мыйзамсыз курулуштар жөнүндө.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, орун алган кемчиликтер талкууга алынды. Отурумдун жыйынтыгында жогорудагы маселелер боюнча протоколдук тапшырмалар берилди. Ар бир тапшырма кылдаттык менен текшерилип, бааланары айтылды.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курманбек Айтибаев облусту өнүктүрүүгө жана анын тургундарынын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган бардык милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE