Пример HTML-страницы

Ош облусундагы ортомчулар кандай пайда көрөт? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushӨлкөнүн аймактарында сүттүн баасы башкы темага айланды. Фермерлер сүттүн баасы арзан болуп жатканына нааразы.

2023-жылдын 13-апрелинде Талас шаарында ондогон адамдар президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында чогулушкан. Алардын көбү аял кишилер болгон.

Топтолгондор сүт маселеси менен өлкө жетекчилигине кайрылышкан.

«Мал баккан деле оңой иш эмес, ден соолукту алат. Мамлекеттен 1 сом албай, «уюң бар» деп жөлөк пулга дагы илинбей жашап келебиз. Биз сүттүн 1 литри 3 сом болгон учурда дагы унчукпай төгүп, ошол акчага жашап келгенбиз. 5 сом болгондо дагы жашоо жакшы болчу. Эми минтип 2 жылдан бери кыйналып жатабыз. Дүкөндө эртең менен бир баа, түштөн кийин бир баа болот. Бардыгы күндөн-күнгө кымбат.

Учурда 1 литр сүттүн баасы 25 сом. Ал эми 1 литр суунун баасы 30 сом. Биз ушунча ыйлай турган абалда турабыз. Бул жакта акимге кайрылсаң, «губернаторго бар» дейт. Ага барсаң «сүт заводу» дейт. Алар болсо керсейип, элдин үстүнөн акча тапкандан башка иши деле жок. Өзүбүз сүт өткөрүп, кайра дүкөндөн сүт азыктары кымбат болгонунан сатып жей албайбыз», — деген алар.

Андан кийин Ысык-Көлдө сүт өндүрүүчүлөр баанын туруктуу болбой жаткандыгына нааразы болушкан. Сүткө болгон баанын түшүшүнө эл менен сүт заводунун ортосундагы сүт алуучуларды күнөөлөшкөн. Нааразычылыктардан кийин сүт өндүрүүчүлөр жана сүт заводдун ортосунда иш алып баргандар менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Данияр Арпачиев жолуккан.

Бул жаатта Ош облусунда абал кандай? Turmush басылмасынын кабарчысы жагдайды жеринен билип келди.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы фермер Калдарбек Мамытов күнүнө 55 литрден 65 литрге чейин сүт сатат. Учурда жайлоодо болгону үчүн жерине келип, сүт алган ортомчуларга литрин 26-28 сомдон сатууда.

«Апрель айынан баштап уйларды саап баштайбыз. Азыр менде 10 саан уй бар. Апрель айында күнүнө 60-65 литрдей сүт саттык. Литри 33-35 сомго бааланды. Учурда күнүнө 55-60 литрдей сүт сатып жатам. Ушул тапта ортомчулар жайлоого келип, литрин 26 сомдон алып жатышат», — деди Мамытов.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE