Ош облусундагы милиционерлерге планшет тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-августа Ош облусунун ички иштер башкармалыгына караган түзүмдөрдө саптык кароо өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана 1-сентябрь — Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга карата уюштурулду.

Иш-чарада Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен алынган планшеттер жана видеокөзөмөл камералары тапшырылды.

Муну менен катар коопсуздукту камсыздоого салым кошкон жарандар жана мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ардак грамотасы менен сыйланды.

Аймактык тескөөчүлөр жашоочулар жөнүндө маалыматтарды аталган планшеттерге киргизип, борбордук базага улаштырышат. Ал жерден зарыл болгон маалыматтарды ыкчам түрдө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми видеокөзөмөл камералары коомдук жайларга орнотулат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️