Ош облусунда жыл башынан бери үй-бүлөгө байланышкан 57 кылмыш иши козголду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен облус аймагында «Үй-бүлө» аталышында ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылар, билим берүү мекемелеринин, коомдук алдын алуу борборлорунун, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн мүчөлөрү менен биргеликте чыр-чатактуу үй-бүлө катары ички иштер органдарында каттоодо турган тургундарга жана мектеп окуучуларына зомбулук жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Аны менен катар көчөлөргө орнотулган LED экрандарга атайын милиция тарабынан даярдалган «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болсо эмне кылуу керек?» деген видеролик коюлду. Ошондой эле, милициянын көчмө кабылдамасы тарабынан айыл тургундарына жана мектеп окуучуларына зомбулук тууралуу китепчелер, милициянын ишеним телефондору таратылып, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын максаты — үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөөнү жүзөгө ашыруучу субъекттердин кызматташуусун бекемдөө, зомбулук жасаган жарандардын мыйзам алдында каралган жоопкерчилигин коомчулукка жеткирүү жана зомбулуктун алдын алууну ар бир инсан өзүнөн баштап, башкаларга да жеткирип, үлгү болууну колго алуу.

Облус аймагында жыл башынан бери үй-бүлөгө байланышкан 57 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелерине ылайык 74 административдик пртокол толтурулган.

Пример HTML-страницы

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы облустун бардык райондорунда өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️