Ош облусунда жаш балдардын өлүмү көп катталган 2 район аталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-октябрда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө 9 айдын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жыйынга президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, орун басарлары, акимдер, райондук маанидеги шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев облустагы өнөр жай жана башка тармактар боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 2023-жылга салыштырмалуу быйыл Ош облусунда миңден ашык жумуш оруну түзүлдү.

Облус боюнча дотациянын көлөмү былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу 4 пайызга азайды. 2025-жылга чейин 5 айыл өкмөт дотациядан чыгуу алдында турат. Ал айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгү Ноокат районунда.

Ош облустук өнүктүрүү фондуна республикалык бюджеттен 300 млн сом берилген. 115 долбоор өтүнмө катары түшкөн. 9 айда 64 долбоор аталган фонд тарабынан каржыланды.

Пример HTML-страницы

Айыл чарба тармагынын дүң продукциясынын чыгарылышы 54 млрд 640 млн сомду түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу пайдаланылбай калган жерлер 1000 гектарга кыскарды.

Облус боюнча мыйзамсыз курулган 1364 объект бузулду.

Ош облусу боюнча 28 мугалим жетишпейт. Аймакта 595 бала бакча бар. Ошондой эле 47 дарыгер жетишсиз. Дарылоо мекемелеринде энелердин өлүмүнүн 1 учуру катталды. Бул Кара-Суу районунда болгон.

Облус аймагында 1 жашка чейинки каза болгон балдардын саны 193дү түздү. Балдардын өлүмү Ноокат району менен Алай районунда өскөн.

СПИДге чалдыккан жарандар 54 адамды түздү. Оору энеден балага жуккан 3 учур катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️