Ош облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк 36 жаранга айып пул салынды

TurmushОш облусунун аймагында Ош ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 23-24-март күндөрү «Нелегал» аталышындагы кылмыштуулукту алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара Ош облусунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо, кылмыш жасап качып жүргөн жарандарды кармоо, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана мыйзамсыз миграцияны уюштуруу кылмыштарын аныктоо багытындагы иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында чет өлкөлүк жарандар тарабынан кылмыштуулукту болтурбоо жана чет өлкөлүк жарандарга карата жасалган кылмыштарга бөгөт коюу максатында Ош облусунун аталган бөлүм жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан тышкы миграция мыйзамынын талаптарын бузганы үчүн «Нелегал» операциясынын жүрүшүндө чет өлкөлүк 36 жаранга КР Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулду.

Бузуулар кодексинин 93-беренеси менен 1 адамга, 94-беренеси менен 2 адамга, 430-беренеси менен 7 адамга, 431-берене менен 26 адамга протокол толтурулган. Аларга жалпы 190 миң сом айып пул салынды.

Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин («Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу») негизинде 3 факт аныкталып, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын ичинен 1 факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Калган 2 факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️