Пример HTML-страницы

Ош облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында спорттук мелдештер уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди

23-июнь — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин майрамына карата Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган спорттук иш-чарага облустун райондорунан келген сегиз команда катышты:

1. Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн командасы;

2. Араван районунун командасы;

3. Алай районунун командасы;

4. Кара-Суу районунун командасы;

5. Кара-Кулжа районунун командасы;

6. Өзгөн районунун командасы;

7. Ноокат районунун командасы;

8. Чоң-Алай районунун командасы.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

Футбол боюнча:

— 1-орун — Өзгөн району;

— 2-орун — Кара-Суу району;

— 3-орун — Алай району;

— 4-орун — президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн командасы.

Волейбол боюнча:

— 1-орун — Өзгөн району;

— 2-орун — президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн командасы;

— 3-орун — Араван району;

— 4-орун — Кара-Кулжа району.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE