Пример HTML-страницы

Ош облусунда Курман айт күнү коопсуздукту сактоого 800дөй милиция кызматкери тартылат

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush16-июнда Курман айт майрамына карата Ош облусунун аймагында коомдук тартипти сактоого, жарандардын коопсуздугун жана жол коопсуздугун сактоого күч каражаттардын эсеби чыгарылып, жетекчиликтен жооптуулар бекитилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыкка караган бардык түзүмдөрдө өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилип, саптык кароолор өткөрүлдү.

Кызматкерлерге Курман айт учурунда келип түшкөн арыз-даттанууларга өз убагында ыкчам чара көрүү, ар кандай укук бузуулардын жана кокустуктардын алдын алуу, кызматтык милдетти ак ниеттүүлүк менен аткаруу жөнүндө нускамалар өткөрүлдү.

Ош облусунун аймагында жалпы 399 мечитте Курман айт намазы окулат. Коомдук коопсуздукту камсыздоого 800 чукул кызматкер тартылат.

Айт намазы окулуучу мечиттерге сумка, куту же баштыкчаларды көтөрүп келген жарандар милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE