Пример HTML-страницы

Ош облусунда экстремизмди алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында экстремизмди алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Өзгөн районунда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, УКМКнын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле имамдардын катышуусунда экстремизмдин алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.

Жыйынга чакырылгандар тарабынан «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын алкагында баяндамалар жасалып, соңунда ар бир тармак кызматташууну бекемдөө чечимин кабыл алды.

Бул иш-чара облус аймагында бардык райондордо улантылып, аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгы тийиштүү мекеме уюмдардын катышуусунда облустук деңгээлде талкууланат.

Эске салсак, ушундай эле иш-чара 2024-жылдын 8-февралында Кара-Суу районунда «Абу Ханифа» медресеси жана «Имам Матрудий» атындагы ислам институтунун студенттеринин катышуусунда болсо, 13-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун кеңешчиси Кадыр ажы Маликовдун катышуусунда болуп өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE