Ош облусунан республикалык олимпиадага катышкан 38 окуучунун ичинен үчөө олжолуу орундарга ээ болушту

Turmush26-март күнү Ош шарында республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, олимпиада 23-24-март күндөрү 12 окуу предмети боюнча өтүп, ага 323 окуучу катышты. Жыйынтыгында 52 окуучу байгелүү орундарды ээлешти. Ош облусу жалпы рейтингде республикалык маанидеги 2 шаар жана жети облустун арасынан 5-орунду ээледи.

Республикалык олимпиаданын жүрүшү, окуучулардын ээлеген орду боюнча Ош билим берүү институнун башкы адиси Абдулазиз Арыкбаев төмөнкүлөргө токтолду.

«Республикалык олимпиадага Ош облусунан жалпы 38 окуучу 10 предметтен катышты. Жыйынтыгында 3 окуучу 2-орунду ээлешкен.

Кыргыз тили жана адабияты сабагынан — Кара-Суу районунун Ленин атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Сабина Кайыпова.

Биология сабагынан — Кара-Суу районунун К.Жакыпов атындагы №61 зээндүү балдар үчүн мектеп-интернатынын 11-классынын окуучусу Кутман Төлөнбаев.

Пример HTML-страницы

Тарых сабагынан — Алай районунун Бөдөш Аданбаева атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Нурпери Барчынбек кызы», — деди А.Арыкбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️