Ош облустук төрөт үйүндө төрөттүн саны кескин өстү. Күнүнө 40-45 айым көз жарууда

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык төрөт үйү капиталдык оңдоодон өтүп жаткандыктан Ош облустук төрөт үйүндө төрөгөндөрдүн саны кескин өстү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, Ош шаардык төрөт үйү курулгандан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

«Ош шаардык төрөт үйү 12-августтан баштап капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Буга чейин бир дагы жолу толугу менен оңдоодон өткөн эмес. Оңдоо иштери 2-2,5 айды талап кылат. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинен 10 млн сом бөлүп берилип, оңдоо иштери жүрүүдө. Дагы акча каражаты бөлүнөт», — деди Абдурахманов.

Шаардагы төрөт үйү жабылганына байланыштуу облустук төрөт үйүндө төрөттүн саны өстү.

Ош облустук төрөт үйүнүн башчысы Асылкан Асанованын айтымында, төрөгөндөр көп болгондуктан дарыгерлер тыным албай иштеп жатышат.

Пример HTML-страницы

«Күнүнө 40-45 айым төрөп жатат. Түштүк аймагы боюнча жана шаардын тургундары бизде көз жарууда», — деди Асанова.

Ош облустук төрөт үйү 145 орунга ылайыкташкан. Бүгүнкү төрөтканада жаткандардын саны күнүнө 250гө чейин жетүүдө. Төрөт үйүн кеңейтүү үчүн даярдалган бөлмөлөргө да керебеттер коюлуп, жайгаштырылууда.

Turmush 2024-жылдын апрель айынын башында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында капиталдык оңдоо иштери жүргөнүн жазган.

Капиталдык оңдоого жалпы 40 млн сом акча каражаты сарпталды. Төрөт стационарынын гинекология, кош бойлуулар патологиясы, ультра үн менен изилдөө бөлмөсү, тиш дарыгер бөлмөсү, медициналык калыбына келтирүү, инфекциялык көзөмөл бөлмөлөрү, төрөт стационарынын жетекчилиги жайгашкан бөлүм жана конференция залы оңдоодон өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️