Ош облустук сотунун судьясынын колунун тамыры кесилип, ооруканага түштү 

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-сентябрда 1973-жылы туулган Ош облустук сотунун судьясы колунун тамырын кесип, ооруканага түштү. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилгени айтылууда.

«Бүгүн, эртең менен болжол менен 07:50-07:55 чамасында келип түштү. Дарыгерлер дароо операцияга алышты. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы орто оор», -деп билдиришти дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️