Пример HTML-страницы

Ош облустук милициясынын жетекчилик курамы текшерүүдөн өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилик курамы мезгилдүү текшерүүдөн өтүштү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, текшерүү ИИМде 2024-жылга карата түзүлгөн иш-мерчемдин талабына ылайык, 2024-жылдын 29-30-май күндөрү жүргүзүлдү.

Алгач жетекчилер кызмат учурунда күжүрмөн даярдык боюнча тесттик суроолорго жооп беришип, кесиптик даярдык боюнча билим деңгээлин сынап көрүштү. Андан ары жетекчилер кызмат өтөө учурунда кара күчтү, атайын каржаттарды, куралды жана согуштук техникаларды колдонуу, ошондой эле физикалык даярдыктары боюнча чегеримдерди тапшырышты.

«Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилик курамы жыл сайын ушундай текшерүүдөн өтүп турушат. Текшерүүчүлөр башкармалыктын жетекчилерине кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так сактоо, коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуу, жарандар милицияга арыз менен кайрылган учурда нөөмөт бөлүмүндө, ыкчам тергөө тобунда жана жооптуу жетекчи болуп турган кызматкерлердин тийиштүү буйрук, нускамалардын талаптарына ылайык так, даана аракет көрүүсүн камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE