Пример HTML-страницы

Ош облустук милициясы этникалык кыргыз Орозгүл Токталы кызынын кайрылуусу боюнча комментарий берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук ички иштер башкармалыгы Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономиялуу округунун Улугчат уездинин жашоочусу Орозгүл Токталы кызынын кайрылуусу боюнча комментарий берди.

Орозгүл Токталы кызы 2024-жылдын 31-майында «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында жолдошу күнөөсүз жерден кесилип, Ош облусунун Алай районундагы тергөө абагында отурганын билдирген.

Анын айтымында, окуя мындайча болгон:

Орозгүл Токталы кызынын жолдошу компаниянын (Кытайдыкы) жүк ташуучу унаасы менен оор жүк ташып, Кыргызстанга 2 жолу келген. Акыркы сапары 2023-жылдын 14-апрелинде болгон. Анда ал Эркеч-Там көзөмөлдөө пунктунан өтүү үчүн жанындагы айдоочулар менен бирге кезек күтүүгө турган. Жанындагы айдоочулар түнү менен спирт ичимдигин ичишкен. Бирок жолдошу Ж. ден соолугуна байланыштуу дары ичкендиктен алар менен бирге отурбай, унаасына кирип уктап калган. Эртең менен ойгонгондо шериктеринин бири унаасынын аркасында айдоочу А. (Кытайдын жараны) жатканын айткан. Текшере келгенде ал көз жумганы аныкталган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, иш каттоого алынып, айдоочулар тарашкан. Сөөк Кытайдагы үй-бүлөсүнө жеткирилип, жерге берилген.

«Бул иш боюнча жолдошум күбө катары, окуя болгон учурда маркумдун жанында болгон 3 айдоочу шектүү катары каралып жаткан. Бирок кийин тергөө учурунда тескерисинче жолдошум шектүү, калгандары күбө болуп калды», — деди Орозгүл Токталы кызы.

Анын айтымында, алар башка компаниянын, жолдошу болсо башка компаниянын айдоочулары болгон.

«Каза болгон адамдын карындашы шектүүлөр иштеген компаниянын ээсине күнөөлүү кармалбаса, жүк ташуучу унааларды каттамдан алдыртарын айтып, коркуткан. Жолдошумдун мага айтуусу боюнча, шектүүлөр эмгектенген компаниянын ээсинин жардамчысы ага байланышып: «3 адамдын ордуна күнөөнү моюнга алсаң, сага акча которуп турабыз» деп сунуштаган. Бирок жолдошум күнөөсүз болсо эмне үчүн макул болушу керектигин айтып, сунушту четке каккан. Андан көп өтпөй — 2023-жылдын 14-октябрында жолдошум дайынсыз жоголду. 17-октябрда белгисиз номурдан телефон чалып, көзү таңылганын, сабалганын билдирди. Кийин ал Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүлгөнүн билдим», — деди ал.

Орозгүл Токталы кызынын айтымында, ал ошол убактан бери Кыргызстанда тилди, укук коргоо органдарынын түзүмүн билбегенинин кесепетинен жолдошунун күнөөсүз экендигин далилдей албай келет.

«2024-жылдын 15-мартында Ош облусунун Алай районунун соту жолдошумду 8 жылга эркинен ажыратты [Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) 3-бөлүгү (этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирүү)]. Тергөөдө каза тапкан А. жолдошум айдаган унаа катышкан авариядан улам жан бергени айтылды. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы анын катуу соккудан улам жүлүнү үзүлгөнүн аныктады. Бирок материалдар колумда бар. Маркумдун денесинде ачык жарааттар болгон эмес. Мүмкүн талуу жерине катуу сокку алган. Анын сөөгү жолдошум айдаган унаанын жанын табылганы үчүн эле жолдошум бул ишке илешип калды. Райондук сот чыгарган өкүмгө доо арыз менен облустук сотко кайрылдым. Ал боюнча 2-отурум 11-июнда өтөт. Сот процессине катыша албайм. Жолдошум менен да көрүшө албайм. Жалдаган жактоочулар ишти алып бара албай, 5 жолу алмашты», — деди ал.

board-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture; web-share» referrerpolicy=»strict-origin-when-cross-origin» allowfullscreen=»»>

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, 2023-жылдын 16-апрелине караган түнү саат 02:00 чамасында Ош—Эркеч-Там унаа жолунда бир жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон жаран чет өлкөнүн жараны — 1985-жылы туулган А.Т. экендиги аныкталган.

Топтолгон материалдын жана тийиштүү экспертизалардын корутундусуна ылайык Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автомоторанспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эсплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган Ж.Н. кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

——————————————————

Turmush 2023-жылдын апрель айында Алай районунда жүк ташыган унаа сүзүп кеткен жаран каза болгонун, унаанын айдоочусу — чет өлкөлүк жаран кармалганын жазган.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, 1985-жылы туулган Т. уулу А. оор жүк ташуучу унаасын «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункутунда токтотуп бара жаткан учурда башка жүк ташуучу автоунаа аны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Т.уулу А. окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми аны сүзгөн айдоочу кырсык болгон жерден изин жашырган.

Окуя боюча Алай райондук ички иштер бөлүмүнө кабар берилип, аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын корутундусу жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде кылмышка шектүү чет өлкөлүк жаранга издөөгө жарыяланган.

Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 16-октябрь күнү ыкчам иш-чаралардын негизинде 1976-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран кармалып, камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE