Пример HTML-страницы

Ош милициясы Өзбекстанда жашырынып жүргөн 34 жаштагы аял кишини кармап келди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында алдамчылыкка шектүү аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери издөөдө жүргөн 1989-жылы Кара-Суу районунда туулган, убактылуу Ош шаарында жашаган Т.А. аттуу аялды кармады. Ал бир нече жаранды алдап, акчасын алган соӊ из жашырып, Өзбек Республикасынын аймагында жашырынып жүргөн.

«Шектүүнүн үстүнөн арыздангандардын саны 9 адамга жетти. Күндө арыз жазгандардын саны өсүүдө. Жабырлануучуларга келтирилген чыгым 20 миллион сомдон ашыкча сумманы түзөт. Ал акча каражаты бар жарандарга жолугуп, «Менин жеке басмаканам бар. Бир аз инвестиция жасай турган болсоӊ, ири кирешеге ээ болосуӊ» деп алдап, 400 миӊ сомдон 6 млн 500 миң сомго чейи алып, Өзбекстан Республикасынын аймагына качып кеткен.

Айрым учурда бир эле жарандынн бир нече жолу ишенимине кирип, ири суммадагы акчаларды алган. Мисалы, Ош шаарынын тургуну — 1983-жылы туулган аялдан ушул жылдын апрель айынын ичинде 500 миң сом, 250 миӊ сом, 750 миӊ сом, 800 миӊ сом жана 200 миӊ сом алып, изин жашырган», – деп айтылат маалыматта.

Шектүү 14-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ош шаардык соту тарабынан 16-сентябрь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 16-октябрга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыкты.

Аталган жарандан жабыркагандар 0777-07-31-17 же 102 номурлары аркылуу кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы