Ош милициясы 5 адамды кармады. Алар кимдер?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда мурунку жана азыркы мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын 21-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында РИИБ жана прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында ыкчам тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Өзгөн районунун аймагында базар баасы 1 350 000 сомду түзгөн 0,5 га жер тилкеси айыл өкмөттүн аймагында жашабаган жана аймактын тургуну катары каттоого турбаган жаранга жеке менчикке берилгендиги аныкталган.

17-сентябрь күнү кармалган шектүүлөр:

— Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы — 1967-жылы туулган С.Э. [Эркин Султанов, ал 2019-жылдан 2023-жылга чейин 4 жолу Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген];

Пример HTML-страницы

— мурдагы жер адиси — 1957-жылы туулган А.А.;

— айыл өкмөттүн учурдагы жер адиси — 1984-жылы туулган М.Ф..

18-19-сентябрь күндөрү кармалган шектүүлөр:

— «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери — 1973-жылы туулган О.Н.;

— учурдагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары — 1988-жылы туулган П.Э.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️