Пример HTML-страницы

Ош мэриясындагы эки жетекчи кызматынан убактылуу четтетилди. Алар буга чейин үй камагына чыккан

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык мэриясынын эки кызматкери тергөө иштери аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Turmush 2024-жылы 6-июнда кечинде Ош шаарындагы эки муниципалдык кызматтын жетекчилери баш коргоо чарасын тандоо үчүн сотко жеткирилгенин жазган.

Алар — Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев, экинчиси «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Олжобаев Уланбек Муркамилович.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 6-июнундагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) менен айыпталган О.У.М.га карата бөгөт коюу чарасы катары 31-июлга чейин үй камагы тандалган.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 6-июнундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) менен айыпталган П.Ш.М.га карата бөгөт коюу чарасы катары 31-июлга чейин үй камагы тандалган.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Turmush басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы иштеп жатканын билдирген.

«Эч кандай көйгөй жок, түшүнбөстүк болду. Мен толук билбейм, андай эч нерсе болгон жок. Балким, бул алардын ишине байланыштуу болгон. Алар иштеп жатышат», — деген мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE