Пример HTML-страницы

Ош—Медина багыты боюнча 4018 зыяратчы учуп кетти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАжылык сапарга Кыргызстандан бара турган жарандардын алгачкы тобу 31-майда «Ош» эл аралык аэропортунан учуп кетишти.

Маалыматка ылайык, алар Ош—Медина багыты боюнча учуп кетишкен.

31-майдан 8-июнга чейин 4018 зыяратчы Сауд Аравиясына Ош—Медина жана Ош—Жидда каттамдары менен учат.

Бишкектеги зыяратчылар үчүн каттамдар 6-июндан 10-июнга чейин болот.

Бишкек—Медина жана Бишкек—Жидда аба каттамдары менен жалпысынан 2042 жаран учат.

2024-жылдагы ажылык сапарды уюштуруу боюнча келишимдерге ылайык, Сауд Арабия Кыргызстанга 6060 квота берген. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирген маалымат боюнча, бул жылдагы акы ар бир адамга 3750 доллар деп бекитилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE