Пример HTML-страницы

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча семинар өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик педагогикалык университетинде «Билим берүүнүн сапатын кантип жогорулатабыз?» аттуу семинар-тренинг өттү.

Маалым болгондой, семинарда Назарбаев университетинин профессорлору конокто болуп, Ош шаарындагы орто мектептердин жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен бирге билим берүү чөйрөсү тууралуу талкуу кылышты. Мында Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин директору Орозали Сайдылканов билим берүүүнүн сапатын жакшыртууга зарыл болгон кадамдарды айтып өттү. Бул менен бирге белгилүү педагог, билим берүүнү изилдөө боюнча эл аралык даражадагы эксперт РhD доктор Дүйшөн Шаматов жана билим берүүнү башкаруу, реформалоо боюнча РhD доктор Мир Афзал Тажик алгач өздөрүнүн изилдөөлөрү боюнча маалымат беришти.

Профессорлор 8 өлкөнүн ичинен гранттык негизде долбоор утушуп, жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын билим берүүсүнүн сапатын изилдеп чыгуу ишин баштоо алдында турушат. Мында 8 адамдан турган топ эки өлкөнүн 1000ден ашуун орто мектептерин изилдеп, мугалимдерден сурамжылоо жүргүзүп, интервью алышат. Ар бир суроо-жооп, изилдөө иштери анонимдүү негизде жүргүзүлөт. Бул изилдөө ишинин жыйынтыгында аталган өлкөлөрдөгү билим берүүнүн сапатын жакшыртууга белгилүү сунуштарды таап чыгышат.

Аны улай катышуучулар илим изилдөө тууралуу бир топ суроолорду узатышып, профессорлордон жооп алышты. Катарда Кыргызстандын билим берүү системасындагы, илим изилдөө ареасындагы көйгөйлөрдү жана артыкчылыктары боюнча бир топ маселелерди талкуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE