Ош—Эркеч-Там унаа жолун сел бөгөп калды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолу селден улам жабылды.

Алай районунун тургуну Улан Тажибаевдин айтымында, Кыргыз-Чек айылында сел жүрүп, айдоочулар селдин ортосунда калып калышты.

«Сел эки тараптан келип, 5-6 адам жолдун ортосунда калып калдык. Азыр ӨКМден кызматкерлер келишти», — деди ал.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, 14-июлда саат 14:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолгон сел Ош—Гүлчө—Эркеч-Там унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырымга чейинки тилкесине кум-шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Учуда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Андан сырткары турак-жайлардын короо-сарайларына жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.

Учурда Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамына жана Кара-Суу райондук жарандык коргонуу кызматтарына айгай жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️