Пример HTML-страницы

Ош—Бишкек жолунда алыс сапардан келе жаткан айдоочулардын кан басымын текшерип жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Бишкек унаа жолунда дарыгерлер, куткаруучулар жана жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер алыс жолдон келе жаткан айдоочулардын кан басымын текшерип, жаңы эрежелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, мындай иш-чаралар аталган унаа жолдон сырткары облустун бардык район-шаарларында өткөрүлүүдө.

«Жаз мезгилинде көпчүлүк адамдардын кан басымы көтөрүлүп, өздөрүн жаман сезишет. Айдоочулар алыс жолго чыкканда жакшылап эс алып алышы зарыл. Мындан улам Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана тез жардам кызматынын фельдшерлери менен бирге Ош—Бишкек унаа жолуна чыгып, алыс жолдон келе жаткан айдоочуларды токтотуп, медициналык кароодон өткөрүп, мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөр тууралуу түшүндүрүлүп жатат», — деди Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору Сүйүнбек Дакеев.

  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 199-беренесинин (автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу) 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, эрежеге баш ийбеген айдоочуларга 5500 сомдон 17 миң сомго чейин айып пул салынат.

2023-жылдын эки айында Жалал-Абад облусунун аймагында 81 жол-транспорт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 10 адам каза болсо, алардын ичинен экөө жашы жете элек балдар. 131 жаран ар кандай жаракат алса, анын ичинен 65 жаран өспүрүмдөр.

Адистер жол кырсыктарынын көпчүлүгү озуп өтүү эрежелерин так сактабагандыктан, ылдамдыкты ашыра айдагандан улам келип чыгарын айтышат.

————————————

Өлкөдө 8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарга салынчу айып пулдун өлчөмү көбөйдү. Эреже сактабаган айдоочуларга жазаны катаалдаштыруу мыйзамына президент Садыр Жапаров кол коюп, ал күчүнө кирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа башкарган айдоочулар 1 жылдан 3 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Айдоочуларга берилчү жазалардын дагы башка түрлөрү:

— унаа башкарууга укугу жок жаран ичип алып рулга отурса буга чейин 15 миң сом айып салынса, мындан ары үч суткага камалат;

— спирт ичимдигин ичкендигин аныктоочу текшерүүдөн баш тарткан учурда буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары үч суткага жана айдоочулук күбөлүгү жоктор беш суткага камакка алынат;

— мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда айдоого укугу жок жаран жети суткага камалат, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Буга чейин 20 миң сом айып салынган же беш суткага чейин камалган;

— унаа башкарууга укугу жок жаран рулга отурса мурда айып пул 5500 сом болчу, эми 15 000 сом, 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мүмкүн эмес;

— жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө мурда 3 000 сом, эми 5 500 сом;

— белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса мурда 5 500 сом, эми 7 500 сом;

— белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса мурда 7 500 сом, эми 15 000 сом;

— каршы тилкеге чыгып айдаса мурда 5500 сом, эми 15 000 сом. Кайра кайталанса жарым жылга күбөлүгүнөн ажыратылат;

— унаа бейбаштыгы боюнча айып пул мурда 7 500 сом болсо, азыр 15 000 сом. Эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;

— айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажырайт. Мурда айып пул 10 миң сом болчу;

— айып пулду 70 пайыздык арзандатуу менен 15 күндө төлөшсө, эми бир айга чейин узартылды;

— мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат;

— жасалма номур менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузса бир жылга айдоочулук күбөлүгү жарактан чыгарат;

— бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE