Пример HTML-страницы

Ош—Бишкек жолунда 3 адамдын өмүрү кыйылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда 3 адамдын өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 6-июнда саат 20:00 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун 101-чакырымында «Scania» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа кагышып, анын кесепетинен эки аял жана бир эркек киши каза болгон.

Алардын айтымында, каза болгондор «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаада бара жатышкан. Ушул эле унаада дагы үч киши жабыркаган.

Жерине Жайыл райондук ӨКБнын куткаруучулары чыгып, кыпчылып калган жансыз денелерди унаадан чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.

Ал эми Жайыл райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунан билдиришкендей, аталган кырсыктан 60 жаштагы киши жана 2 жаштагы бала ар кандай жаракаттар менен түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE