Пример HTML-страницы

Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунда каттам ачык

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш—Баткен—Раззаков унаа жолунда каттам ачык. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган жолдун 63-чакырымындагы көпүрө жараксыз абалда болгондугуна байланыштуу кечээ түндө айланма жол аркылуу эки тараптуу каттам уюштурулган.

————————————————-

Кечээ, 30-июнда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы көпүрөнү сел алып кеткен.

Маалым болгондой,, катуу жааган жамгырдан улам катуу сел келип, Ош—Разаков унаа жолунун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү бузулуп, Ош—Баткен жолунда эки тараптуу каттам токтогон.

№37 Жол тейлөө ишканасынын маалыматына караганда, авариялык абалдагы эски көпүрөгө катуу сел келгендигине байланыштуу кулап калган. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айланма жолду караштыруу иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE